Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу

Жооп бергендер бирдей көз карашта болгон эмес, пикирлер ар кандай.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Кандай эркектер аялдын көзүнө сексуалдуу көрүнөт?" деген теманын алкагында РИА Новости агенттигинин "Ясно. Понятно" рубрикасында талкуу болду.

Берүүнү даярдоо үчүн кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Бирок аялдардын көпчүлүгү бирдей көз карашын билдирди деп айтууга болбойт, пикирлер ар кандай болгон. Мисалы, айрымдары эркек канчалык тамашакөй болсо, ошончолук аялды өзүнө тартып турарын айтышкан.

Эркек кандай учурда ала жипти аттайт? Жаңы иликтөө
Жигит үчүн тамашакөй болуу өтө маанилүү экенин британиялык окумуштуулар дагы далилдеген. Көрсө, убагында жана кырдаалга жараша тамаша айтканды билген эркек аялдын эмоциялык абалын бир топ жакшырта алат. Мындан улам кыз-келиндер эркектерге магниттей тартылат экен.

Андан кийинки топ үчүн сөзүнө турган жана максатына жете билген эркек сексуалдуу көрүнөөрү белгилүү болду.

Мындан тышкары, өзүнө ишеними бекем жана өз алдынча чечим кабыл ала билген эркектерди жактырарын айткандар болгон.

Баса, албетте, эркектин дене түзүлүшү, кийим-кечеги жана гигиенасы тууралуу дагы сөз болду. Кызыгы, бир дагы респондент эркектин келбети мындай же тигиндей болсо деп айткан эмес. Көпчүлүгү спорттук болбосо дагы, курсаксыз, кең далылуу эркекке көп көңүл бурарын мойнуна алган. Ошондой эле бат-баттан жуунуп, дене боюн тыкан алып жүргөн эркектер сымбаттуу көрүнөрү кошумчаланган.