Курсан Асановдун адвокатынын үстүнөн үчүнчү арыз түштү

Жактоочу дагы бир алдамчылык иш боюнча айыпталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун үстүнөн дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

24-августта М.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, жактоочунун өзүнө, жубайы Раушан Айткуловага жана баласына доо койгон.

Милициянын версиясы боюнча, бул үй-бүлө 2016-жылы алдамчылык жолу менен тургундун ишенимине кирип, 11 миң 678 доллар алган.

"Икрамидин Айткуловдун үй-бүлөсү бир айлык мөөнөткө карыз алган. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин үй ээси 2017-жылы июнь айында үч айлык мөөнөткө деп келишим түзгөн. Бирок Айткулов милдетин аткарган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Курсан Асановдун уулунун изине кантип түшүшкөн. Прокуратуранын видеосу
Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалып, баш коргоо чарасы тандалган соң үй камагына чыгарылган. Буга Н.Д. аттуу жарандын "алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды" деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон

Андан кийин Айткуловго дагы бир айып тагылган. Анда доогер 2014-жылы Айткуловдун баласы 31 миң доллар карыз алып бербей жатканын айткан. Кийин карызды кайтаруу милдетин атасы мойнуна алып келишим түзгөн. Бирок акчаны бербей жүргөнү айтылат.

Белгилей кетсек, Айткулов акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Ал президентке, премьер-министрге кайрылып, Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган