Радио

Кутбидин уулу: 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү

Жеке ишкер жана программист Медер Кутбидин уулу ата-эненин көзөмөлүндөгү балдарда жоопкерчилик жогору боло турганын айтты.
Sputnik
Кутбидин уулу: 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100дөй мектеп окуучуларды көзөмөлдөй алчу программага өттү. Бул тууралуу Медер Кутбидин уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоор былтыр октябрь айынан башталган.

Учурда өздөрү чет мамлекетте иштеп, уул-кыздары туугандарыныкында жүргөн ата-энелер арбын. Алар алыста болгондуктан баласынын эмне кылып, кайда басып-туруп жүргөнүн биле алышпайт.

"Негизи көзөмөл жок болсо балада жоопкерчилик азаят. Бул себептен окуучулардын бааларын көрө ала турган программаны мектептерге сунуштап келе жатабыз. Азыркы учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 100дөй мектеп аталган долбоор менен иштеп жатат. Ал программадан ата-энелер балдарынын бааларын гана эмес, окуучулардын рейтингин да көрө алат. Ушул эле программа менен, мисалы, химия сабагынан эң жакшы окуган 10 окуучунун тизмесин аныктоого болот", — деди программист.

Ал аталган долбоор менен окуучулардын рейтингине жараша мыкты мугалимдерди да аныктап алса болорун кошумчалады.