Апта ирмеми: ылайга кирингендерден балмуздак алган Путинге чейин

Sputnik

Россиянын Железноводск шаарында "Железная грязь" фестивалы болду.

Жерде жаткан Манас, ызырынган Сейитбек. Көк бөрү финалындагы кызыктуу сүрөттөр
Россияда МАКС-2019 эл аралык авиациялык-космос салону ачылды.

"Ала-Арча" улуттук паркында өрт чыгып, 30 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти.

Ноттинг-Хиллде (Лондон, Улуу Британия) жыл сайын болуучу карнавал өттү.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россияга келип, Владимир Путин менен жолукту.

1 / 21
Россиянын Железноводск шаарында "Железная грязь" фестивалы өтүп, 250 тонна ылайды ташып келишти.
2 / 21
Бангкокто көчө шыпыргыч күчүктү аркасына көтөрүп алып жол шыпырууда.
3 / 21
МАКС-2019 эл аралык авиациялык-космостук салонунда учкан МиГ-29 учактары.
4 / 21
"Ала-Арча" улуттук паркында тоо этегиндеги кургак чөп күйүп кетти. Аны өчүрүүгө ӨКМдин 332 кызматкери тартылды.
5 / 21
Куткарылган мигранттар. Испаниянын Малага порту.
6 / 21
Ноттинг-Хиллде жыл сайын болуучу карнавал өттү.
7 / 21
Dallas Cowboys командасынын күйөрман кыздары беттеш алдында.
8 / 21
Кыргызстан 31-августта эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгиледи. Негизги майрамдык иш-чара Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өттү.
9 / 21
La Tomatina майрамынын катышуучулары. Испаниянын Валенсия провинциясынын Буньоль шаары.
10 / 21
АКШнын Юта штатындагы койлорду короого киргизүү боюнча мелдеш аяктады.
11 / 21
Венецияда 76-эл аралык кинофестиваль башталды. Сүрөттө япон режиссёру Хирокадзу Кроээданын La Verite тасмасына келген коноктор.
12 / 21
РИА Новости Украина порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский сот залынан бошотулду.
13 / 21
Бангкокто төрт күнгө созулган Pet Expo 2019 чемпионаты башталды.
14 / 21
Airbus A321 учагын чукул конгон жерден чыгаруу аракеттеринен бир көрүнүш. "Уральские авиалинии" компаниясына таандык учак кыймылдаткычына куш кирип кетип 15-августта Москва облусундагы жүгөрү талаасына чукул конууга аргасыз болгон,
15 / 21
Луис Скола (Аргентина) баскетбол боюнча дүйнө чемпионаты — 2019 оюндарынын биринчи этабында оюн көрсөттү.
16 / 21
Түштүк Калимантан (Индонезия) процинциясындагы токойдо чыккан өрт.
17 / 21
Дина Аверина (Россия) Казань шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча мелдештин финалында өнөрүн көрсөтүүдө.
18 / 21
Словениянын Севинца айылына АКШ президенти Дональд Трамптын жыгачтан жасалган айкелин коюшту.
19 / 21
БелАЗ жүк ташуучу автоунаасынын дөңгөлөгүнүн жанынан сүрөткө түшкөндөр
20 / 21
Минск шаарындагы дарыянын жээгинде күндүн батышын карап жаткан жаштар
21 / 21
Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоганга МАКС-2019 иш-чарасы учурунда балмуздак сатып берди