БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2019-жылдын биринчи жарымында дүйнө жүзү боюнча эң популярдуу болгон жолтандабастар аныкталды. Бул тууралуу focus2move жазды.
Адистер өзгөчө кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп сатылганына көңүл бурган.
- Toyota RAV4 — алты ай ичинде дүйнө жүзү боюнча 441,6 миң даана;
- Honda CR-V — алты ай ичинде 381,5 миң даана;
- Volkswagen Tiguan — 370 миң даана сатылган;
- Төртүнчү жана бешинчи орундарга Hyundai Tucson жана KIA Sportage унаалары чыкты. Бирок алардын канчасы сатылганы айтылган эмес.
Жыл башында Sputnik эң коопсуз унааларды тизмектеген.