Жамгырчынын теги жана даражасы. "Манас" эпосунун варианттарында Жамгырчынын теги да, Манас баатырга туугандыгы да ар түрдүү айтылат. Айталык, Сагынбай Орозбаковдун вариантында ал Манастын таятасы, Эштек хандын уулу, ал Эштектен бир уруу тарайт, алардын ичинен бас деген уруу болгон. Жамгырчы ошол бастардын башчысы. Саякбай Каралаевдин айтуусунда ал эштек деген уруунун башчысы. Жусуп Мамайдын вариантында ал Акбалта менен бир тууган, Манастын тайлары болот.
Бала Манас журтун издеп келе жатканда Жамгырчы тосуп чыгат. Анда Манас боло элек Чоңжинди деп атыккан кези. Ошол Чоңжинди Мажик деген досу экөө келе жатканда сүйүнчү сураган Бөдөнө деген кишиге Жамгырчы байбичесине айтып, бышкан казы-карта, кийиктин боорун куурутуп, ага кошо бир чанач кымыз, сары кант кошуп чай бердирет.
Манасты көчүүгө көндүрөт. Манас Жамгырчыга элге көчүү тууралуу кеп кылганда Жамгырчы көпчүлүккө кайрылып, "Наманган, Ошко баргыла, ал жактар малга жайлуу, эгин эгип жан сактаганга ыңгайлуу" деген кеңешин айтат. Бул анын көрөгөчтүгү, даанышмандыгы, элге-журтка күйүмдүүлүгү. Жамгырчы бала Манасты эл турмушу менен тааныштырат, түпкү мекени тууралуу кеңири айтып берет.
Жыйындардын баарына уруу башчы катары катышат. Эпосто кыргыз уруулары, түрк уруулары топтолгон жыйындар көп эле жолу өтөт, ошолорго жана Көкөтөйдүн ашына Жамгырчы өз аскерлери жана өкүлдөрү менен катышканын көрөбүз.
Манаска каршы чыккан жети кандын бири катары да көрүнөт. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас кан болуп турганда жети кан аларга каршы чыгып, кутум уюштурат. Алардын ичинде эштектердин Жамгырчысы да бар эле, бирок ал Манас менен бетме-бет келгенде анын сүрүнөн айбыгып, каршы чыгуусунан кайтат: "Улук эрди көргөндө, учуп түштү атынан, кол куушуруп бооруна".
Семетей да Жамгырчы менен жанаша жашайт. Манас кайып болуп кеткен соң Семетей он эки жашка толуп, Талас жерине, Манас элине келгенде Жамгырчы ага кеңештерин айтып, жагдайды түшүндүрүп, бирге конуш конуп жашайт.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.