БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кечээ, 31-августта, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтынан эгемендүүлүк майрамынан кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасы 16 тонна таштанды чыгарды.
Анын 10 тоннасын "Ала-Тоо" аянтынын өзүнөн чогултушкан. Майрам күнү кечинде концерт тартууланып, соңунда салюттар атылган.
Тазалоо ишине 80 кызматкер жана 8 атайын машина тартылып, эртеден кечке чейин иш алып барган.
Аянтка орнотулган урналардан тышкары 50 желим контейнер жана алты евроконтейнер коюлган.
Былтыркы эгемендүүлүк майрамында дагы 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.