Ала-Арча капчыгайындагы өрт бир суткадан кийин толугу менен өчүрүлдү

Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 гектар жердеги кургак чөп күйүп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ала-Арча капчыгайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

G7 мамлекеттери Амазониядагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө 20 млн. евро бөлөт
Өрт 31-август күнү саат 14.00дөр чамасында чыккан. Тилсиз жоо Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы тоо этектериндеги кургак чөптөн тутанып, саат 20.15те чектөөгө алынган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттү өчүрүүгө 199 куткаруучу тартылып, азыркыга чейин иш улантылып келген.

Өрт толугу менен бүгүн саат 13.03тө өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 гектар жердеги кургак чөп күйүп кеткен. Милиция Ала-Арчада чыккан өрт боюнча иликтөөсүн баштады