Радио

Адис электрондук капчыкты туура колдонуу эрежелерин айтып берди

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин долбоордук менеджери Алмагүл Кадышева электрондук капчыкка ээ болуу үчүн банкка баруунун кажети жоктугун айтты.
Sputnik
Адис электрондук капчыкты туура колдонуу эрежелерин айтып берди

Электрондук капчыкты колдонгусу келген Android ээлери Play Market, iPhone ээлери App Store аркылуу тиркемени жүктөп алып, катталуусу керек. Бул тууралуу Алмагүл Кадышева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, катталуу үчүн мобилдик телефондун номерин активациялоо үчүн смс аркылуу келген кодду киргизүү зарыл. Коопсуздук үчүн сырдык сөздүн татаал болгону жакшы.

"Электрондук капчык мобилдик телефондун жардамы менен акча которуу, кабыл алуу сыяктуу төлөмдөрдү аткаруучу жаңы муундагы аспап. Ал аркылуу үйдөн чыкпай эле мобилдик байланышка, интернетке, коммуналдык жана башка кызматтарга акы төлөөгө, кредитти жабууга, өзүңдүн мобилдик телефонуң аркылуу банктан депозит ачууга жана толуктоого болот. Капчык идентификацияланбаган, андыктан айрым кызматтарга чектөөлөр коюлат. Бирок бул кадимки колдонуучуга тоскоолдук жаратпайт", — деди Кадышева.

Ал электрондук капчыкка каражат жүктөө үчүн мобилдик же интернет банкингди, төлөм терминалынын же виза, элкарт системаларын колдонсо болорун кошумчалады.