Бишкекте үч минивэн кагышып, бири оодарылып кетти. Видео

Кырсык Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

Бишкектин чок ортосунда жол кырсыгы катталып, бир унаа оодарылып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 31-августта, саат 19.30дар чамасында Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы К.Б. аттуу айдоочусу Фрунзе менен чыгышты көздөй бара жаткан. Үмөталиев көчөсү менен кесилишкен жерге жеткенде 32 жаштагы М.З. аттуу айдоочу башкарып бараткан Honda Odyssey автосун каккан. Андан ары К.Б. Honda Stepwgn көлүгүн сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жети киши ооруканага жеткирилди", — дешти милициядан.

Кырсык болгондон кийинки видеону күбө Sputnik агенттигинин Telegram каналына жөнөттү.

Унаалар айып короого токтотулуп, тергөө жүрүп жатат.