Бишкектин эл билбеген сырлары. Шаардын унутулган тарыхы тууралуу маек

Кыргызстандык атактуу скульптор Ольга Мануйлова Владимир Маяковский менен бирге окуганын, ал эми Россия империясындагы таксомотордук иштин "атасы" атыккан инсан биздин мекендешибиз болгонун билчү белеңиз? Бул жолку каарманыбыздын борбор калаа жөнүндө билбегени аз, Бишкектин тарыхын казып окуп чыгып, шаардыктарга эң жеткиликтүү ыкма менен бөлүшүү жолун тапкан.
Sputnik

Былтыр жазда кыргызстандыктар "Бишкек 140" долбоорунун алгачкы чыгарылышына күбө болушкан. Кыска метраждуу роликтерде жаштар шаарды аралай, анын тарыхын баяндашат. Мындай демилге бишкектиктердин купулуна толгон, Бишкектин өтмүшү туурасында майда маалыматтарды топтоп отуруп, кызыктуу бир формага салыш ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аталган долбоордун автору жана режиссёру Эрик Абдыкалыков менен маектешти.

— Бишкектин тарыхый жол көрсөткүч түзүү пикири кандайча жаралып калды?

— Бишкектин тарыхына кызыгып жүрүп, калаанын өтмүшү туурасында маалымат алуу оңой эмес экенин билдим, бизде атайын тартип жок, максат коюп бул маселе менен алектенгендер өтө аз. Архивди эки жылдай каздым, сандарды, фактыларды коюп, тагдырлар, окуя менен көрүнүштөрдүн чиеленишин издедим. Болуп көрбөгөндөй окуяларды окудум, билгенимден мекендештер менен бөлүшкүм келди. Азыр деле Бишкектин тарыхы жөнү жок унуткарылган деп эсептейм.

— Долбоордун бир чыгарылышы элге сунушталганда мен да баргам. Биринчиден, бет ачар аземинде бут коёрго жер жок, экинчиден, көрүүчүлөрдүн арасында жаштар басымдуу болчу. Алардын көңүлүн кантип бурдура алдыңыз?

— Жаштардын көңүлүн тартуу үчүн форматты туура тандоо зарыл, таңкы тамак маалында болобу, окууда же кайда болбосун, көрүүгө оңой болсун деп кыска метраждуу тасманы тандаганбыз. Албетте, тасманын чагылдырылышы да роль ойноду, кооз сүрөт, ага шайкеш келген музыка өз үзүрүн берди. Роликтин каармандары да долбоор басым койгон аудитория менен тең куракташ. Жаштар тигил же бул фактыны көптү көргөн карыяга караганда өзү теңдүү баяндамачыдан укса, кабылдоого, өз алдынча талдап көрүүгө жеңил болот.

Борбор калаанын көрүнүшүнө көздөрү көнө түшкөн шаардыктарды айран таң калтыра тургандай жаңыча, көбүртүп-жабыртылбаган көз караш менен көрсөтө алчу жаш оператор, монтажчы, үн режиссёрлорду атайылап ишке тарткам. Жаңы таланттар тууралуу айткым келди, муну менин вазыйпам деп билиңиздер.

Бишкектин эл билбеген сырлары. Шаардын унутулган тарыхы тууралуу маек

— Баяндамачыларды кантип таптыңыз? Кантсе да Бишкектин тарыхы тууралуу тасмалар түрмөгү жарнама багытында эмес да, ишке ыктыярчылар зарыл болгондур?..

— Долбоорду ишке ашырууга мен жөн гана досторумду, тааныштарымды чакыргам. Коммерциялык максаты жок, ошондуктан идея үчүн жан тындырбаган тартипте эки-үч күн иштеп берүүгө даяр адамдарды тарттым. Башкысы, долбоордун катышуучулары — шаардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган, өнүгүшүнө салым кошкусу келген жаштар.

— Эгер тасманын тартылган жерлерине кылдат көз салсак, бүйүр кызыткан бир нерсени байкоого болот. Катардагы бишкектик киши кире албаган жерлерге да баш багыпсыздар, мисалга, Чыңгыз Айтматовдун унаасы да жүрөт. Андай жерлерде тасма тартууга уруксат алуу кыйынга турдубу?

Фрунзенин кышы жана кыздары. Жарым кылым мурдагы Кыргызстандын сүрөттөрү
— Кадимки кагаз иштери менен көп машакаттандык. Толгон-токой кат жаздым, долбоордун маңызын түшүндүрүп, көмөктөшүүлөрүн өтүндүм. Баш тартышкан жок, маселен, тийиштүү мекемеге Кыргызстандын авиациясынын тарыхын билүүгө жаштар күндө эле кайрыла беришпейт. Сүйлөшүп, макулдашуу иштери көп убакытты ала турган иш, айлап же андан да ашык убакыт жооп күтөсүң. Иш да узап, убакыт да созулуп калып жатты, бирок баары бир баштаган ишибизди аягына чыгардык. Менимче, каалооң күч болсо, колдон келбей турган иш жок. Айтматовдун машинасы боюнча токтолсом, ал Бенилюкс өлкөлөрүндө элчи болуп турганда "Ягуар" сатып алган экен. Аны да тегин жерден тандабаган көрүнөт, дипломат үчүн көндүм болгон Mercedes автосуна ашыкча акча сарптоонун ордуна ары арзан, ары кооз "Ягуар" алыптыр. Анан калса, элдик жазуучунун машинасын жакшынакай, түсү да айырмаланып турчу экен. Албетте, аны айдоого болбойт, бирок короого бир чыгарып көрүүгө жетекчиликти көндүрдүк.

— Айрым саякат блогерлери жана туристтердин көбү Бишкекти эч кандай өзгөчөлүгү жок, катардагы советтик бир калаадай көрүшөт. Жеке баамыңызда биздин шаарыбыз эмнеси менен айырмалана алат?

— Чет өлкөлүктөрдүн реакциясын түшүнсөк болот, Бишкекти таанытуу иши жакшыртууну талап кылат, анан калса, көңүлдөгүдөй туристтик түйүндөр да жокко эсе. Баш калаага алгач келген киши бет келген жагын кыдырып же дароо Ысык-Көлгө жол тартуудан башка аргасы калбайт. Алтургай, Тарых музейине да кире албай жатпайбызбы!

Бирок Бишкектин да өз өзгөчөлүктөрү бар. Шаар үч доорду: падышалык, советтик доорду баштан кечирип, азыркы убакты сүрүүдө. Өткөндүн архитектуралык мурасы минималисттик имараттарга шайкеш, мындай укмуштай көрүнүшкө көңүл бурулбай калбайт.

Бишкектин эл билбеген сырлары. Шаардын унутулган тарыхы тууралуу маек

— Тарыхына терең сүңгүп чыккан соң жеке көз карашыңызда Бишкек кандай өзгөрүптүр?

— Долбоор үчүн материалдарды изилдеп чыккан соң оор ой басты мени! Айланабызды дал ушундай архитектура менен атмосферанын курчашы үчүн не деген гана эмгек, канчалаган жолдон басып өткөнүбүздү түшүндүм. Мындай кызыктуу тарыхтын коомчулуктун көңүл тышында калышы кейитет. Чыныгы бишкектик деген ким, анын бейнеси кандай экени эмнеликтен алигүнчө анык эмес? Борбор калаанын кебетеси кеткен, ал эч кимди түйшөлтүп да койбойт.

Бишкек — ийкемдүү мейкиндик, туура башкаруу жана пландоодо тийиштүү формага салынат. Адамдарды да тарыхы, баскан жолу бар нерселер кызыктырат. Бул жаатта шаарлар да четте калбайт. Ушул эле себептен тааныш казакстандыктар Алматы калаасын жандуураак деп эсептешет. Жаңы машина тандоо го бир жөн, ал эми Айтматовдун өзү минген унаага түшүү башка кеп.

— Бишкектин тарыхындагы кайсы факты сизди абдан таңгалдырды?

Бишкекти мындай деп ойлобойсуң! Жымыңдаган түнкү отторго оронгон шаардын видеосу
— Куру дегенде КМШ деңгээлинде аброю бар, кеңири таанылган ири ишкерлер жок дей беришет го. Бирок болгондо да падышалык доордо токмоктук май чыгаруучу Бабахан Нурмухамедбаев Пишпекке эң биринчи автомобилди алып келгенин көпчүлүк биле бербейт! Эгер талкаланган бир машина деп ойлосоңуздар катуу жаңылышасыздар, эпчил соодагер жергиликтүү тургундарды "Берлье" үлгүсүндөгү авто айдап келип таң калтырган. Кийин ал Верный шаарына бет алып, айдоочу катары жалдаган дыйкан менен биргеликте Россия империясындагы алгачкы таксомотордук компанияны түптөгөн. Элестетип көрүңүз, биздин мекендешибиз Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй региондо таксомотордук ишти баштаган!

Бул бир эле факты. Мисалы, белгилүү архитектор, Кыргыз ССРинин элдик сүрөтчүсү Ольга Мануйлова Владимир Маяковский менен курсташ болгонунан кабарыңыз бар беле? Экөө тең Москвадагы живопись, оюп-чегүү жана архитектура окуу жайында билим алышкан.

Бишкектин эл билбеген сырлары. Шаардын унутулган тарыхы тууралуу маек

— Борбор шаардын кайсы башкы көйгөйлөрү сизди санаага салат?

— Шаардын көркүн тургундары ачат. Тилекке каршы, Бишкекте калк менен маданий да, идеологиялык да иш жүргүзүлбөйт. Биринчи кезекте иш алпаруу зарыл болгон маанилүү багытты — адамдардын аң-сезиминде алар бир бүтүн экенин сездире тургандай векторду, жалпылыкты жаратуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жатабыз.

Өзүн-өзү өстүрүүгө шарт көрө албагандыктан, жаштар өлкөдөн кетип жатышат. Мында бүтүрүү кечесине же үйлөнүү үлпөтүнө кийчү көйнөккө баш оорутушат, ал эми алдыга умтулган балдар дүйнөлүк процесстерге аралашып, жакындагысы келет. Ийгиликке жетүү үчүн көпчүлүк өзүн кыйратууга чейин барууга мажбур. Социалдык өсүштүн жоктугу да кырдаалды курчутат. Ошентсе да чет өлкөгө чыгып кеткен жаштарыбыз сөзсүз кайтып, үйрөнгөндөрүн, алган билим-тажрыйбасын өз жеринде пайдаланат деп үмүт артам.

Экологияга жоопкерчилик менен караган, жашоочулар чаң менен түтүндөн жапа чекпеген, таза суу ичип күн көргөн шаарды көргүм келет. Бишкекте баары кай убак болбосун коопсуз сезишин, ар бирибиз сырттан меймандарды сыймыктана, ишенимдүү түрдө чакыра алгыдай шаар болушун каалайм. Акыры бир күн Бишкек калаа гана тургай, турагыбыздын короосунан чыкканда да өз үйүбүздөй сезилчү жерге айланышы кажет.

— Эгер оптимисттик божомолдорду коюп, баш калаанын чыныгы абалына үңүлө турган болсок, Бишкекти кандай келечек күтөт?

— Эгер эч нерсени өзгөртпөсөк, башаламан курулуштарга батып кетет. Жашоочулар менен эч эсептелбеген, алардын кызыкчылыгы корголбогон, табитсиз, өтө начар шаар курулушу күтүүдө. Кескин чаралар көрүлбөсө, борбор шаар куурап калат.

— Чет өлкөдө көп болупсуз. Бишкек башка шаарлардын кайсы тажрыйбаларын пайдаланса болчудай?

— Киото шаарын көргөм. Тазалыгы көз тайгылтат, анткени тургундарына шаардык маданият түшүнүгү чоочун эмес. Алар кумурсканын үйүндөй, баары бир максатка байланып жашашат, бири-биринин ишине салым кошууга даяр. Бизде баарыбыздын башыбызды бириктирип турган ошол нерсе жок, ар ким өз арбайын согуу менен алек.

Бишкектин эл билбеген сырлары. Шаардын унутулган тарыхы тууралуу маек

— Бишкек боюнча жол көрсөткүч сиздин тунгуч долбооруңуз эмес тура. Дагы кандай демилгелерди жүзөгө ашырдыңыз эле?

— Сыймыктана турган долбоорлорумдун бири — Жаштар курултайы. Ал үчүн биз Борбордук Азиядагы эң мыкты социалдык долбоор сыйлыгына татыганбыз. Бул 25 өлкөнүн илим, спорт жана ишкерлик чөйрөсүнүн жаштары катышкан ири иш-чара эле.

Депутат Мамашова эмчектеги уулун уктатып коюп балдар үйүн сырдады. Видео
Бир топ жыл оболу Кыргызстандын туристтик дараметин көтөрүү долбоорун баштап, ага Казакстандан блогерлерди чакырганбыз. Ошол убакта вайнерлер жаңыдан пайда боло баштаган. Аларды республиканын көрүнүктүү жерлерине саякатка жиберип, ошондой эле даректүү тасма да тартканбыз. Социалдык медиадагы пикирлер эмгегибиз текке кетпегенин айгинелейт.

Ушул тапта ишкерлик менен алпурушуп келем. "Бишкек 140" түрмөгүнөн сырткары, коммерция менен алектенебиз, жарнамалык роликтерди тартабыз. Режиссурадан сырткары, IT-долбоор боюнча да иш алпарам.

— Ишиңиз дайыма эле оңунан чыгып турбаса керек...

— Эмнелер гана баштан өтпөдү! Иш-чара уюштуруу тармагына да баш багып көрдүк, ремонт жасоого да, алтургай, батут да сатып жүрдүк. Таңгалуунун деле кереги жок, көптү жасагыбыз келди, бирок баары колдон келе бербейт экен.

— Алдыда "Бишкек 140" боюнча кандай саамалык күтөлү?

— Дайым эксперимент жасап турууга аракет кылам, ошондуктан төртүнчү чыгарылышы форматы боюнча айырмаланат. Роликтердин динамикалуулугунан четтеп, көңүлдү кунт коюуну талап кылгыдай, көрүүчүнү ойго салгыдай кылдат темаларга өтөлү деп турабыз.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.