Тамтыгы чыккан унаалар. Көлдө беш адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

BMW-X5 менен BMW-530 үлгүсүндөгү автоунаалар жума күнү кан жолдо, Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда кагышкан.
Sputnik

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган автокырсыктан каза болгондордун арасында бир жашар кыз бар деген маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
Буга чейин 30-августта BMW үлгүсүндөгү эки автоунаанын кагышканы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW Х-5 жана BMW-530 үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, беш адам каза болду.

Автокырсыкка күбө болгондор окуя учурунда медицина кызматкерлери, куткаруучулар жана автоинспекторлор кантип иштегендигин видеого тартып алган. BMW-530 автоунаасы майышып, талкаланып темирге айланып калган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан мерт болгондордун баары BMW-530 автоунаасынын ичиндегилер экендигин билдиришти.

"Кичинекей кызды дароо ооруканага алып барышып, бирок алган жаракаттарынан улам чарчап калды. Ал былтыр июнь айында жарыкка келиптир", — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, жолтандабастын айдоочусу жана анын жанындагы аялды Балыкчы шаарындагы ооруканага алып барышканы айтылды.