Трамптын жеке жашоосун элге жар салды деген жардамчы иштен алынды

Айрым ЖМКлардын жазышынча, Вестерхаут акыркы кездери администрациядагы таасирин арттырууга аракет кылып, президенттин чет мамлекетке болчу сапарларын уюштурууну колго алууга аракеттерди көргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Американын президенти Дональд Трамптын жеке жардамчысы Мадлен Вестерхаут иштен алынды. Бул тууралуу Politico порталы жазды.

Дональд Трамптын уулу менен небереси бир жума боз үйдө жашады. Сүрөт
Буга Вестерхаут президенттин Ак үйдөгү жеке жашоосу тууралуу журналисттерге кенен-кесир айтып бергени себеп болушу ыктымал экени айтылууда.

Айрым ЖМКлардын жазышынча, Вестерхаут акыркы кездери администрациядагы таасирин арттырууга аракет кылып, президенттин чет мамлекетке болчу сапарларын уюштурууну колго алууга аракеттерди көргөн. Бирок анын бул иштери ак үйдөгү айрым аткаминерлерге жакпай калган.

Буга чейин президенттин жардамчысы журналисттерге маек берип, Трамптын жеке жашоосу тууралуу жарыялоого болбойт деген шарт менен кенен айтып бергени да айтылып жүрөт.

Кийинчерээк, 29-августта ал иштен алынган.