БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өткөн Президенттин кубогун биринчи лигада Талас облусунун "Бакубат Талас" командасы утуп кетти.
Таласы облусунан келген улакчылар финалда Чүй облусунун "Ак-Суу" командасы менен беттешип, 9:0 эсеби менен утуп алды.
Натыйжада, биринчи орунду "Бакубат Талас", экинчи орунду Ак-Суу, ал эми үчүнчү орунду Талас облусунун дагы бир "Алкан Ата" командасы ээледи.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 15.00дө жогорку лиганын финалына чыккан "Ынтымак" менен "Достук" командаларынын беттеши башталат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Эгемендүүлүк күнүнө карата Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу өтүүдө.