Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт

Айдоочу кызды сүзгөн соң из жашырып качып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда кичи автобустун айдоочусу эки жашар кызды сүзүп, андан соң из жашырган. Бул тууралуу Чүй ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады. 

Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт

Билдирмеге ылайык, кырсык кечээ, 30-август күнү, саат 12:30дар чамасында катталган. Анда болжол менен ак түстөгү кичи автобус эки жаштагы кызды сүзүп, андан соң качып кеткени видеокамерага жазылып калган. 

Сокулукта айдоочу эки жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Сүрөт

"Автоунаа коюп кеткен кыз жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми из жашырган айдоочуну Сокулук райондук милициясы ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында саат 16:00 чамасында колго түшүргөн. Кармалган адамдын унаасы кырсык болгон жерден анча алыс эмес жайда орнотулган видеокамерага түшүп калган", — деп жазылат маалыматта.

Кызды сүзгөн адам Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну болуп чыкты. Кармалган соң Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ал эми автоунаа айып короого токтотулган.