Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан чыр чыкты. Көйгөйдүн түйүнү эмнеде

Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда түшүнбөстүктөр чыккан. Кыргызстандын Чек ара кызматы асманга эскертүү иретинде ок чыгаргандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Түшүнбөстүк 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон. Тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну суранышкан. Бирок алар эч кандай аракет көрбөгөндүктөн чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажик тарап Кыргызстандын чек арачыларына таш ыргыта баштаганда кыргыз тараптагы жергиликтүү тургундар да окуяга аралашкан", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал тез аранын ичинде чечилгенин билдирди. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып коңшу элдин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипке өттү
"Андан кийин тажик тарап асфальт төшөөнү токтоткон, анткени бул иштер кыргыз тарап менен макулдашылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында эки республиканын жашоочуларынын ортосунда чыр көп чыгып турат. Акыркысы 2019-жылдын 22-июль күнү болгон. Анда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Окуя чыккандан көп өтпөй кыргыз тараптан 16 адам ар кандай жаракат менен Баткен облустук ооруканасына түшкөн.