"Ала-Тоо" аянты, Жээнбеков, Отунбаева. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгынан ирмемдер

Sputnik

Бүгүнкү майрамдык иш-чаралар күндүзгү жана кечки деп эки бөлүккө бөлүнгөн.

Саат 10:00дө башталган концерт 12:00дө аяктады. Ал эми 10:30да президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Ал эми кечки саат сегизден тарта онго чейин концерттин экинчи бөлүгү уланып, андан соң майрам салют менен аяктайт.

1 / 12
Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын баладан тарта чоңдорго чейин белгилейт. Албетте, аны жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырат.
2 / 12
Кыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырууда.
3 / 12
Үкү топучан, маасычан кыздар элге концерт тартуулап жатат.
4 / 12
Майрамдык салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, спикер Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, андан сырткары экс-президент Роза Отунбаева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов баштаган расмийлер катышты.
5 / 12
Кыпкызыл байрактар... 1991-жылдын дал ушул күнү, 31-августта Кыргызстан Көз карандысыз мамлекет болгон. Жогорку Кеңеш Эгемендүүлүк боюнча декларация кабыл алган.
6 / 12
Балдар ансамблдери ушул майрамдын дайыма бир бөлүгү болуп кала бермекчи.
7 / 12
Ал эми туу көтөрүп зуулдап бара жаткан бул өспүрүмдөр Эгемендүүлүктүн кийинки жылдарында төрөлүшкөн.
8 / 12
Аскерлер, мамлекеттик туу жана камера.
9 / 12
Журналисттер, фотографтар тарыхый көз ирмемдерди чагылдырууда.
10 / 12
Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.
11 / 12
"Жүзүмдөн дайыма күлкү кетпей, Кыргызстан эли бейпилдикте жашасын" деп атай турган сүрөт экен.
12 / 12
Майрамдык концерттин экинчи бөлүгү кечки саат сегизден тарта онго чейин уланмакчы.