Бармагы адаттан тыш узун жигит интернетти таң калтырууда. Видео

Уландын манжасынын узундугу 13 сантиметрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. АКШлык студент Жейкоб Пина адаттан тыш узун бармагы менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Америкалык баланын бармагынын узундугу 13 сантиметрге жетет. Ал эмне себептен колу мындай болуп калганын билбей турганы айтылат.

Бала социалдык тармактагы баракчаларында бармагы менен бөтөлкө кулаткан видеосун чыгарып, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурткан.

Жейкобдун TicTok баракчасында 150 миң киши катталып, постторун эки миңден ашык киши жактырган.

Ал башкалардан бөтөнчө болуп турганы кубантарын белгилеген.