Ала-Арча коругунда токой өрттөнүп жатабы? Күбөнүн сүрөтү

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрө турган автоунаа чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг.— Sputnik. Аламүдүн районундагы Ала-Арча коругунун аймагында токой өрттөнүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек сегодня" Telegram-каналына күбө билдирип, өрттүн сүрөтүн жөнөткөн. 

Ала-Арча коругунда токой өрттөнүп жатабы? Күбөнүн сүрөтү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт Ала-Арча коругунда эмес башка жерде болгонун тастыктады. 

Ала-Арча коругунда токой өрттөнүп жатабы? Күбөнүн сүрөтү

"Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы тоонун боорундагы кургак чөп күйгөн", — деп жазылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге үч өрт өчүрүүчү автоунаа чыгып кеткен.