Нарында өтүп жаткан "Ынтымак кербенине" баткендиктер келди

Бул иш-чаранын алкагында ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегация башка облустарга барат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылынын алкагында жана Эгемендүүлүк күнүн утурлай, облус жетекчилеринин демилгеси менен "Ынтымак кербени" башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, бул иш-чаранын алкагында ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегациялар башка облустарга барат.

"29-август күнү Нарынга баткендиктер келди. Алар азыркы учурда Ат-Башы районундагы Таш-Рабат жана Кошой-Коргон тарыхый комплекстерине саякатташууда", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөнү, аймактарды өнүктүрүү, жаштарга татыктуу тарбия берүү, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышуу болуп жатат.