Кытайлык миллиардер адам саны көбөйбөсө дүйнөдө чоң көйгөй жараларын эскертти

Alibaba жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүлөрү жер жүзүндө адам саны аз экенине тынчсызданууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма менен SpaceX компаниясынын түптөөчүсү Илон Маск 20 жылдан кийин жер жүзүндө адамдардын аз төрөлүшү дүйнөнүн эң башкы көйгөйүнө айланат деп коңгуроо какты. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

"Мен балдардын төрөлүү тенденциясына санааркап турам. Планетада адамдардын саны аябай көп деген пикирге каршы туруп, аны эскирген көз караш деп баалайм. Дагы 20 жылдан кийин демографиялык коллапс дүйнөнүн эң башкы көйгөйү болот деп ойлойм", — деп билдирген Маск Шанхайдагы жасалма интеллект боюнча өткөн дүйнөлүк конференциянын алкагында сүйлөп жатып.

Жек Ма да анын пикирине толугу менен кошуларын айтты.

"Калктын саны боюнча чоң маселе жаралат. Кытайдын 1,4 миллиард адамы көптөй туюлушу мүмкүн, бирок бир нече жылдан кийин Кытайга бул өтө чоң көйгөй жаратат. Калктын саны азайгандан азая берет", — деди Ма.

Илон Маск жер жүзүн интернет менен камсыздоо үчүн орбитага 60 спутник учурду
Масктын айтымында, иммиграциянын эсеби менен бул көйгөйдү чечүү кыйынга турат.

"Айрымдары иммиграциянын эсебинен көбөйөт дешет. Бирок кантип?.." — деп суроо салган ал.

"Сиз адамдарды Марска дагы алып кетем деп жатпайсызбы", — деп белгиледи Ма.

"Ооба, Марска дагы адамдар керек. Азыр ал жакта киши жок, жалаң машиналар", — деп жооп берди Маск.

Соңунда Жек Ма демографиялык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл буруп, адам санын көбөйтүү керектигин билдирди.