Кыргызстанда спорттун беш түрү улуттук реестрге катталды

Каттоого алынган спорттун түрүнүн ичинде бадминтон да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Спорттун түрлөрү жана дисциплинасы улуттук реестрине спорттун жаңы беш түрү катталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ага ылайык төмөнкү спорт оюндары каттоого алынды:

  • Бадминтон – "С" тайпасы;
  • Дистанциялык ат чабыш;
  • Грепплинг – "С" тайпасы;
  • Спорттук ориентация – "С" тайпасы;
  • Пенчак силат – "С" тайпасы.