Рекорд коём деп жан берди. Каскадёр аял Комбстун өлүмү

Ал аялдар арасында ылдамдык боюнча рекордду жаңылагысы келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Америкалык каскадёр жана теле алып баруучу Жесси Комбс ылдамдык боюнча рекорд коём деп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ABC7 News каналы билдирди.

Ага ылайык, окуя 27-августта Алворд чөлүндө болгон. Реактивдүү автоунааны саатына 996 чакырым менен айдоого аракет кылып кырсыктап, алган жаракатынан каза болгон.

ЖМКлардын жазышынча, Комбс каскадёр аял Китти О'Нилдин койгон рекордун жаңылоого белсенген. О'Нил 1976-жылы саатына 843 чакырым ылдамдык менен машина айдап тарыхта калган.

Жесси Комбс дүйнөдөгү "эң ылдам аял" деген лакап ат менен белгилүү. 2013-жылы ал саатына 632 чакырым ылдамдык менен машина айдаган. 2016-жылы бул көрсөткүчтү 769 чакырымга чыгарган. Акыркы жолу темир тулпарды 2018-жылы саатына 777 чакырым ылдамдык менен айдаган. Бирок анын бул ийгилиги расмий түрдө каттоого алынган эмес.

​Маркум All Girls Garage, Extreme 4x4 аттуу телеберүүлөрдү алып барчу. Ал 39 жашта эле.