Бишкекте Москва көчөсү ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр

Ремонттолгон 980 метр жолго эки кат асфальт төшөлүп, мыкты сапаттагы жол чийиндери чийилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 30-августка караган түнү Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Колдонууга берүү алдында анын сапатын вице-мэр Уланбек Азыгалиев менен Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери текшерип чыкты.

Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды. Ремонт учурундагы сүрөттөр
Ремонттолгон 980 метр жолго эки кат асфальт төшөлүп, мыкты сапаттагы жол чийиндери чийилди. Ошондой эле жол жээгине автоунаа токтотууга ылайыктуу жайлар кошо курулду.

Эске салсак, жолду оңдоо иштерин "Бишкектин автожолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында Кытай грантынын жардамы менен China Road & Bridge Corporation корпорациясы ишке ашырды. Жумушка 25 куруучу жана 10 атайын техника тартылды.