Жалаа менен 35 жыл абакта отурган АКШлык аялга үч млн. доллар берилди

29 жаштагы Кэти Вудс 19 жаштагы студент Мишель Митчеллди өлтүргөн деп айыпталып кесилген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Американын Невада штатынын жашоочусу жасабаган кылмышы үчүн абакта 35 жыл отурганы үчүн сот ага үч миллион доллар компенсация төлөп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Абакта 39 жыл бейкүнөө отурган кишиге 21 млн. доллар берилмей болду
1980-жылы 29 жаштагы Кэти Вудс 19 жаштагы студент Мишель Митчеллди өлтүргөн делип, 35 жылга эркинен ажыратылган. Басылманын жазышынча, кылмыш иши 1976-жылы болгон. 1984-жылы Невада соту өкүмдү жокко чыгарган, бирок жогорку инстанция ишти кайра карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырып койгон.

Вудстун күнөөсүз экени заманбап технология менен жүргүзүлгөн ДНК анализинен кийин аныкталган. Чыныгы кылмышкер башка экени белгилүү болду.