Намыска жарады! Бусурманкул Абдубаит уулу украиналык мушкерди жеңди. Видео

Июлда өтө турган беттеш августка жылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмундагы беттешинде украиналык спортчу Андрей Лежневди утуп алды. Бул тууралуу аталган уюмдун Instagram баракчасында айтылат.

Эки мушкердин беттешинин видеосу да жарыяланды.

Турнир Россиянын Оренбург шаарында өттү. Спортчулар беш мүнөттөн үч раунд күч сынашты.

Бусурманкул кийинки беттешинде чемпиондук наамга ат салышышы ыктымал.
Эгер чемпиондук курду утса, өлкө тарыхында аталган уюмда наамга ээ болгон биринчи кыргызстандык мушкер болот.

Дарья Маслова Белоруссиядагы ачык чемпионатта жеңүүчү болду
Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

M-1 жыл башында кыргызстандык мушкер быйыл чемпиондук наам үчүн беттешүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.