Радио

Бекбергенов: Бишкек — Москва багытындагы поезд билеттери арзандайт

Жүргүнчүлөрдү тейлөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакай Бекбергенов Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандай турганын айтты.
Sputnik
Бекбергенов: Бишкек — Москва багытындагы поезд билеттери арзандайт

2019-жылдын 1-ноябрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин Бишкек — Москва поезд каттамы боюнча эксперименталдуу түрдө мониторинг өтөт. Бул тууралуу Бакай Бекбергенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта Бишкек — Москва поезд каттамындагы 14 миң сомдук билеттин баасы 8,5 миң сомго чейин түшөт.

"Мониторинг жүргүзүүнүн максаты — жүргүнчүлөрдүн санын жогорулатуу. Эгер 1-ноябрдан 31-мартка чейин поезд каттамын тандаган кишилердин саны өссө, биз кат жазып, билет баасын арзандатылган нарк боюнча калышын суранабыз. Пландарыбыз иш жүзүнө аша турган болсо, башка каттамдар боюнча да билет наркын төмөндөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Азыркы учурда Бишкек — Москва поезд каттамындагы билеттер вагондорго жараша 14 миң сомдон 22 миң сомго чейин. 1-ноябрдан тарта 14 миң сомдук билет 8500-9000 сомго арзандайт", — деди Бекбергенов.

Ал поезд билеттерин канчалык эрте сатып алса, ошончолук арзан болорун кошумчалады.