Радио

Жолдошбекова: Мамлекеттик архивдин түзүлгөндүгүнө 93 жыл болду

Мамлекеттик архив кызматынын документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жолдошбекова кыргыз архиви 1926-жылы түзүлгөнүн айтты.
Sputnik
Жолдошбекова: Мамлекеттик архивдин түзүлгөндүгүнө 93 жыл болду

Архив — улуттун, мамлекеттин баа жеткис кенчи. Мындай пикирин Бакыт Жолдошбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда борбордук мамлекеттик архивде 1826 фонд бар. Алардын курамында 500 миңден ашуун тарыхый документ сакталып турат.

"1926-жылы 30-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин токтому менен алгачкы архив бюросу түзүлгөн. Анда болгону бир кызматкер иштеген экен. Ошол күндөн тарта архивдик документтер топтолуп, иретке келтириле баштайт. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 1993-жылы 26-октябрда, өкмөттүн №519-токтому менен «30-август - Мамлекеттик архив кызматкерлеринин күнү» деп жарыяланган. Ошондон тарта бул күндү биз кесиптик майрам катары белгилеп келебиз", — деди Жолдошбекова.

Ошондой эле ал азыркы учурда Борбордук мамлекеттик архивде тогуз бөлүм бар экенин, ал жакта 64 кызматкер эмгектенерин кошумчалады.