Макгрегордон ашып түшүп... UFC спортчусу мас болуп мушташ чыгарды

Видеодо спортчунун белгисиз адамды жерге жаткырып алып уруп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, америкалык Би Жей Пенн мас болуп мушташ чыгарды.

Окуя Гавайи аралдарында болгон. YouTube каналына жүктөлгөн видеодо мушкер белгисиз адамды жерге жаткырып алып уруп жатканын көрүүгө болот.

Пенн ичип алып биринчи жолу чыр чыгарып жатпагандыгы айтылат. Ал июнда стриптиз-клубда мушташып кеткен.

Жакында эле ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун Дублиндеги барда виски ичпей койгон улгайган адамга кол көтөргөн видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинкчерээк спортчу кылыгы үчүн кечирим сураган