Радио

Бузурманов: бала төрөлгөндөн баштап эле тишине кам көрүү зарыл

Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов балага сүт тиш чыгып баштагандан тарта ага кам көрүү керектигин айтты.
Sputnik
Бузурманов: бала төрөлгөндөн баштап эле тишине кам көрүү зарыл

Жаш балага тиш жаңы чыгып баштаганда эле тиштерин механикалык щеткалар менен тиш пастасыз тазалоо кажет. Мындай пикирин Бактыяр Бузурманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала төрөлгөндөн баштап эле тишине кам көрүү өтө маанилүү.

"Жаактын өрчүшү менен тиштердин туура чыгышы сүт тиштерди таза сактагандан көз каранды. Жаш бала өз учурунда керектүү витаминдер, пайдалуу азык менен тамактанышы абзел. Эмчек эмген бала мындай тамактарды жей албагандыктан, анын энеси жакшы тамактануусу зарыл. Кийин педиатрга кайрылып, эгер балага кальций жетпей жатса, убагында дары-дармек бериш керек. Чыккан тиштер маселе жаратып жаткан болсо, сөзсүз тиш доктурга кайрылуу кажет", — деди стоматолог.

Ал бала 3 жаштан баштап тишин тазалаганга кудурети жетип каларын кошумчалады.