БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өмүрбек Текебаев мындан ары сот процесстерине даярдана турганын, негизги көңүлдү ошого арнай турганын айтты.
Бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган болчу.
"Сот мени актаган жок. Иш кайра каралууга жөнөтүлдү. Кийинки аракетибиз сот процессине бурулат. Соттун биринчи жыйыны 12-сентябрга белгиленди. Адвокаттар менен ошого даярданабыз. Атамбаев кызматтан кеткенден кийин жаңы күбөлөр чыга баштады. Жаңы күбөлөр менен сот процессине даярдык көрөбүз", — деди ал.
Ошондой эле Текебаев ага карата буга чейин жасалган аракеттерди адам катары кечиргенин айтты. Бирок кылмыш ишин жасалмалоого буйрук бергендер жазаланышы керектигин, буйрукту аткаргандардын да аракети каралышы керек деди.