Башында Сейдакматова менен Токтакунова турат. Жээнбеков 167 кишини сыйлады

Сыйлыктар 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата артист Сейдакматова Жамал менен комузчу Самарбүбү Токтакунова баш болгон 167 адам мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул адамдарды сыйлоо боюнча Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Сыйлыктар 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата берилди.

Жээнбеков 100дөй адамды сактап калган учактын командирин сыйлады
Маалыматта бул адамдардын Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйланганы айтылат.

Актриса Жамал Сейдакматова менен таланттуу комузчу, педагог Самарбүбү Токтакунова II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, тизменин башында турду.

Сыйланган маданият ишмерлеринин катарында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Калича Сейдалиева, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти Рашбек Асанов, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композитор Сатылган Осмонов болду.

Мындан тышкары, Кубатбек Жусубалиев Эл жазуучусу болсо, Карбалас Бакиров, Абдыжапар Эгембердиевдер Эл акыны болушту.

Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимов Эл баатыры болушту
167 адамга II даражадагы "Манас" ордени, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" орден-медалы менен сыйланышкан. Андан сырткары, наамдар, Ардак Грамота маданият, адабият, илим, билим, юридика, экономика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, спорт жана дагы бир катар тармактарга иштегендерге ыйгарылган.

Мамлекеттик сыйлыкка татыган адамдардын толук тизмесин Кыргызстандын президентинин расмий сайтынан окусаңыздар болот.