Жыргагандан киндик кан тамган жерин таштап, мусапыр жашоонун мунарык баскан жолуна кадам таштагандар дээрлик болбосо керек. А дейбиз, бу дейбиз, бирок миграция – бул биздин коомдун, жашоонун кашкайган чындыгы. Анын көңүл кубантар алгылыктуу да, ойго, муңга салар терс да жактары бир топ... Кеп ушул нукта улансын.
Каржы булагы
Россия жана Казакстандагы мигранттардан мекенибизге жылына миллиарддаган АКШ доллары келүүдө. Ошол каражатты айылдарда мекендештерибиз жашоо-шартын жакшыртууга, билим алууга, кийинүүгө, курулуштарга, кыймылсыз мүлк сатып алууга, жакшылык-жамандыктарды өткөрүүгө, ишкерлик кылууга, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ж.б. керектешүүдө.
Идея, билим башаты, тажрыйба мектеби...
Миграциянын материалдык эмес да утуштары бар. Маселен, массалык миграцияга себеп болгон оор кырдаал совет бийлиги учурунда "баарын өкмөт кылат" деген кол карама кулк мүнөз күтүп калган элибиздин уктап жаткан ишкерлик, чыгармачылык, эмгекчилдик ж.б. көрөңгөлөрүн ойготту. Адам өнүгүү үчүн "комфорт зонасынан" чыгып, кандайдыр бир кыйынчылыктарга, сыноолорго туш болушу шарт эмеспи. Чыңгыз Айтматов деле атасынан жаш айрылып, турмуш-тиричилик жүгү эрте башына түшпөгөндө, балким, бул дүйнөдөн көптүн бири болуп жашап өтмөктүр.
Барган жеринен жаңы идеяларды, өнөрлөрдү, илим-билимди өздөштүрүп, сиңирип, кыргыз жергесине алып келген мекендештерибиз да көбөйүп барат. Маселен, тарыхта биринчи жолу көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдешке катышкан кыргыз кызы Россияда машыгып, ошондой деңгээлге жетти. Легендарлуу композитор Асанкан Жумакматов да алгачкы музыкалык билимин атасы сталиндик режимдин сүргүнүндө Украинада жүргөндө ала баштаган экен. Ал раматылыктын: "Атамды ошол жакка айдап ийгени үчүн Сталинге рахмат. Болбосо музыкант болбой калмакмын", — дегенин өз кулагым менен уккам. Дагы деле Чыңгыз Төрөкуловичти мисалга алсак, ал киши да балалыгында Москвада окубады беле... Азыркы заманда чет өлкөдөн көрүп келип бизнес идеяларды ишке ашырган улан-кыздарыбыз канча...
Ээнсирей түшкөн чек ара
Тереңдеген теңсиздик
Экинчиден, демографиялык гана эмес, экономикалык жактан да Кыргызстандагы аймактардын, өзгөчө борбор менен региондордун теңсиздиги тереңдеди. Өлкөнүн кээ бир аймактары бош калып, жетимсиреп турса, экинчилеринде кишинин саны көбөйүп барат. Бул бир мектепке бала жана мугалим жетпей жатса, дагы бир мектепке батпай жатат, бир жакта жер иштетүүгө адам жок болсо, экинчи жакта иштетем дегенге жер жетишпей жатат дегенди туюндурат. Бул көңүл жубатарлык көрүнүш эмес, анткени өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аймактардын экономикалык, социалдык, демографиялык ж.б. тең салмактуулугу өтө маанилүү. Өнүккөн өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнүн бири мына ушунда: борбору менен провинциясындагы, айылы менен шаарындагы жашоо шарты, социалдык камсыздоо деңгээли анча деле айырмаланбайт. Маселен, Япониядагы Осака менен Токиодо, Киото менен Саппородо, Кобе менен Фукуокада карьера жасоо, бизнес кылуу же билим алуу үчүн шарт жана инфратүзүм деңгээли дээрлик бирдей эле. Кыргызстанда Чүй менен Нарындын, Баткен менен Бишкектин экономикалык жана социалдык абалын салыштырсак, эки башка мамлекеттердегидей чоң айырманы көрөбүз. Бул өтө өкүнүчтүү…
"Бир нерсеге жетүү, демек, бир нерседен кечүү" дегендей, Кыргызстандын ичинде жер которушкандардын уткан дагы, утулган да жактары бар. Бирок негизгиси улуттук өздүгүн, өзгөчөлүктөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон жок. Бул жагынан Кыргызстандан сырткары кеткендердин жолу болбоду.
Колдон чыккан улуу байлык
Россия менен Казакстанга иштеп кеткендердин саны бейрасмий маалыматтарга ылайык миллионго жакындайт экен. Бул өлкө калкынын дээрлик алтыдан бири сыртта дегенди билдирет. Алардын ал жакта "бутубузга туруп, кайтып келебиз" дегени жөн гана жомок. Миграциянын табияты ушундай: кеткенден кийин кайра оңойлук менен келбейт. Франциядагы жана Англиядагы арабдарды, африкалыктарды, АКШдагы афроамерикалыктарды, азиаттарды, мексикалыктарды Россиядагы кавказдыктарды, Бразилия менен Перудагы япондорду карасаңыз, ошол жакта очор-бачар болуп, укум-тукумун улап кала беришти. Россияга жана Казакстанга кеткен кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүн деле ошондой тагдыр күтүүдө деп болжоого толук негиз бар. Эң өкүнүчтүүсү, бул аркылуу биз адам ресурсун дүңүнөн жоготуп жатабыз. Ал жакта төрөлүп, чоңойгон бир муун жетилди. Жергиликтүү тилде сүйлөп, бакчаларда, мектептерде таалим алып, өздөрү жашаган жерлериндеги маданиятка таандыкпыз деп эсептеп калышты. Кыргызстанга Россиядан жана Казакстандан ата-энелери менен эс алууга келип "Папа, давайте, скорее поедем обратно, ДОМОЙ" деп, каны кыргыз болгону менен жүрөгү, акылы аны тааныбай калган улан-кыздарыбыздын азыр эле миңдеп саналарын кантип танабыз? Четте төрөлүп торолгон биринчи эле муун өкүлдөрү ушинтип жатса, алардын балдары, неберелери кантет? Ошентип канчалаган мекендештерибиз, болгондо да бөтөн жерде, мусапыр абалда өз ордун таап, ийгиликке жетишкен жумушка жарамдуу, мыкты, күч-кубаттуу, калпыса каймак болчу уул-кыздарыбыздын урпактары башка маданиятка, идеологиялык баалуулуктарга сугарылып, башка элге сиңип кетүү коркунучу бар. Узак мөөнөттөн алып караганда ушул биздин эң чоң трагедиябыз, эң чоң жоготуубуз. Анткени Кыргызстандын ансыз да дефицит болгон эң чоң байлыгы — бул адам ресурсу.
Акчадан да мээрим керек
Маданият жана альтернатива
Башка өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өз тилин жана маданиятын сактап, өнүктүрүп кетүүсүнө шарт түзүүдөн каражатты, күчтү аябаш керек. Бирок кантип? Мамлекеттин ресурстары менен кошо маданиятын жана тилин сактабаса эл кабыгы калып, данеги куураган жаңгак сыяктуу болуп калат. Түрк туугандар ушул жагынан үлгү болчу иштерди жасап жатат. Дүйнө боюнча ачылган түрк мектептери, маданий борборлору жана окуу жайлары түрк маданиятын сактап гана калбастан ааламга жайылтууда чоң роль ойноодо.
Кыргызстандын ичинде да Бишкекке альтернатива болчу дагы бир нече миграция борборлору керек. Ал үчүн облустук борборлорду, региондорду тез өнүктүрүү лаазым. Жергиликтүү бийликтердин эмгектеринин экономикалык жана улуттук коопсуздук өңүттөрүнөн караганда да бул өтө маанилүү. Ошондо улуттук интеграция күчөп, демографиялык теңсиздик жокко чыгат.