Sputnik Кыргызстан агенттиги Курсан Асановдун жан сакчысы тууралуу маалымат чогултту.
Дамирбек Пайзылда уулу 1997-жылы 22-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Правда айылында туулган.
Билими
- 2003-2012 — Правда айылындагы №89 Бүсара Абдрахманова атындагы орто мектебинде 9-классты аяктаган;
- 2012-2015 — Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетин бүткөн;
- 2016-жылы — Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырган;
- 2016- 2017 — Ош облусунун Алай районунда аскер кызматын өтөгөн.
Иш тажрыйбасы
- 2018 — Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүгүнө (спецназ) жумушка орношкон;
- 2019-жылдын март айынан тарта ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы катары иштеп келген.
Спорттогу ийгиликтери:
- 2013 — Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону;
- 2013 — Россиянын Новосибирск шаарында өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү;
- 2014 — Тажикстанда өткөн эл аралык мелдештин күмүш медалынын ээси;
- 2014 — Бокс боюнча Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпиону;
- 2015 — Кикбокс боюнча Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпиону;
- 2018 — Ички иштер министрлигинин деңгээлинде уюштурулган самбо, күжүрмөн самбо, аралаш мушташ боюнча мелдештердин жеңүүчүсү;
- 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын Анталья шаарында өтчү кикбокс боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жаткан.
Бойдок. Төрт бир туугандын экинчиси, ата-энеси Россиянын Москва шаарында эмгектенет.