Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимов Эл баатыры болушту

Тийиштүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Мамлекеттик жана саясий ишмерлер Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Кой-Таштагы операцияда көз жумган Ниязбеков "Эрдик" медалы менен сыйланды
Ага ылайык, тийиштүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Белгилей кетсек, Төрөбай Кулатов советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер болгон. 1908-жылы Ноокат районундагы Кызыл-Булак айылында туулуп, 1984-жылы каза болгон. Учурунда Эл Комиссарлар Советинин төрагасы жана Кыргызстандын Жогорку Советинин президиумунун председатели болгон, 9 жолу СССРдин Жогорку Советине депутат жана 9 жолу Кыргызстан Жогорку Советинин депутаты болгон.

Мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй районундагы Алчалы айылында туулуп, 1980-жылы каза болгон. Ал Кыргыз ССР суу чарба жана мелиорация министринен тарта Кыргызстан КП БКнын катчысы, партиянын Ош обкомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Эки Ленин, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган.