Радио

Момукеев: келечекте электр энергиясына жетишсиздик пайда болушу мүмкүн

Токтогул суу сактагычынын мурдагы директору жана серепчи Саадай Момукеев азыркы учурда электр энергиясы жетиштүү болгону менен келечекте жетишсиздик пайда болушу мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Момукеев: келечекте электр энергиясына жетишсиздик пайда болушу мүмкүн

Чакан ГЭСтерди кургандын ордуна күн батареясы, биогаз сыяктуу жаратылыш ресурстарын пайдаланып, арзан электр энергиясын өндүрүп, өлкөбүздөгү электр энергия тармагын көзөмөлгө алуу керек. Мындай пикирин Саадай Момукеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагында иштеген ар бир кызматкер жана анын башында турган жетекчилер өзүнүн ишин жоопкерчиликтүү аткарышы керек.

"Алсак, Тажикстанда президенттин демилгеси менен Рогун ГЭСи курулуп жатат. Бул ГЭСтин курулушуна ар бир тажик жараны салымын кошууда. Бизде да 20-30 жыл мурун Камбар-Ата ГЭСи курулуп баштаган. Ошол учурда жарык күйүп турганына ыраазы болуп, жетиштүү көңүл бурган эмеспиз. Мына эми элдик долбоор кылып, бул ГЭСтин курулушун алып чыксак эл колдойт эле. Камбар-Ата ГЭСи Кыргызстан үчүн союз убагында эле эсептелип чыккан эң пайдалуу долбоор", — деди серепчи.

Ал Камбар-Ата-1 суу сактагычы стратегиялык долбоорун жана жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин токтоп калган курулушун жандандырып, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керектигин кошумчалады.