UFC мушкери Физиев Бишкекке келип, жиу-житсунун сыя көк курун алды

Кыргызстандык мушкер Таиландда машыгат. Быйыл беделдүү делген UFC уюму менен келишим түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Бишкекке келип, ага Жиу-житсу федерациясы тарабынан сыя көк кур ыйгарылды. Бул туурасында аталган федерациянын Instagram баракчасында айтылат.

Сүрөттөн Физиевдин кимоно кийип, белине ичке сыя көк кур курчанганын көрүүгө болот. Мындай өң дасыгып келе жаткан жиу-житсучуну билдирет. Спорттун бул түрүндө чебер болуу үчүн күрөң, кара жана кызыл-кара курларга жетүү керек. Башында спортчуларга ак жана көк курлар берилет.

Эске салсак, Рафаэль Физиев ушул жылдын 10-августунда жаракатына байланыштуу Уругвайдагы UFC Fight Night 156 турнирине катыша албай калган.

Мушкер UFC уюмундагы алгачкы беттешин 20-августта Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, россиялык атаандашына техникалык нокаут менен утулган.