Айланма жолго акы алуу. Министрлик сунуштаган долбоордун чоо-жайы

Айланма жолго акы алуу долбоору андай шартка али даяр эмес жарандардын нааразычылыгын жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Транспорт жана жол министрлиги Бишкектин айланма жолуна унаалардын бардык түрүнөн акы алууну сунуштап чыкты.

Кеп Чүй облусундагы 73 чакырым айланма жолу туурасында, ал борбор калаадагы Алматы көчөсүнөн Чым-Коргон айылына дейре созулат. Социалдык медиада мындай демилге жылуу кабылданган жок, көпчүлүк акча өндүрчү кезектеги сунуш катары санап, каршылыгын билдирүүдө.

Самыйбеков: салык төлөөчүлөр кааласа акылуу кызматтарды пайдалана алат
Sputnik Кыргызстандын редакциясы аталган мыйзам долбоорунун ийне-жибине чейин тактап, төлөмдүн көлөмү канча болорун, кандай майнап чыгарына кызыкты. Соболдорубузга Транспорт министрлигинин акы алынчу жолдор боюнча эксперттик тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаев жооп берди. Материалда "КР автомобиль жолдору жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы документтин долбоорунан да үзүндүлөр пайдаланылды.

Демилге кайдан чыкты?

Айланма жолду акылуу кылуу керекпи?Ооба, бюджетке акча керекОоба, бирок акча ошол жолду кароого жумшалышы керекЖок, эптеп эле акча алуунун айласыАйланма жолдон өтпөй койсом кутуламбыМага баары бир
Бийлик республикалык бюджеттин жүгүн беш пайызга азайтууга белсенди. Кыргызстанда жалпы пайдалануудагы автожолдордун узундугу 18 миң 850 чакырымды түзөт. Алардын ичинен акы алынчу негизге 200 чакты чакырымы өтөт, алардын альтернативдик жолдору бар.

Мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, бузулган автожолдорду каржылоонун жетишсиздигинен бюджет 6,5 миллиард сомго чейин жоготот. Эгер акы алынчу жолдор сунушу колдоого алынса, бийлик жыл сайын 2 миллиард сомго чейин жыйнай алат. Бул каражат трассаны кароого жумшалып, жыл сайын бюджеттен 2,9 миллиард сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындай сумма жолдордун 30 жылдык мөөнөтүнө карата эсептелет.

Кайынбаев соңку эки жылда Транспорт министрлиги каржылоонун жаңы булактарын издеп келгенин белгилейт.

Коомдук угуулар уюштурулдубу?

Кайынбаевдин айтымында, бир жарым жыл мурун жүргүнчү жана жүк ташуучу тармактын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Ошондо эле тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгары айтылган. Эксперт бул демилгени жолдорду оңдоого кеткен бюджеттик каражатты сарамжалдоого багытталган аргасыз чара деп атайт. Азыр ушул тапта Транспорт министрлиги тариф жана шарттарды иштеп чыгууда эске алуу үчүн кыргызстандыктардын пикирине кулак салууда.

Качантан тарта акы алына баштайт?

Унаанын жана турак жайдын салыгын эми калкты тейлөө борборлорунан төлөсө болот
Азыр мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп, өкмөт аппаратынын кароосунда. Транспорт министрлигинин божомолу боюнча эки айдан кийин өкмөттүн чечими чыгып, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жолдонот. Депутаттар эң аз дегенде жарым жыл карашат (балким, кабыл албай да коюшу ыктымал). 2020-жылдан баштап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу башталат. Бул амалга 3-4 ай жумшалышы ыктымал. Андан ары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында сынак жарыяланат, утуп чыккан компанияга жолду тескөө укугу берилет. Буга дагы 4-5 ай кетет. Ишкана трассаны акы алынчу шартка 1,5 жылга чукул убакыт ичинде өткөрөт. Бул алдын ала эсеп. Мындай учурда акы алынчу жол өлкөдө 2022-жылдан тарта ишке кириши мүмкүн. Айтмакчы, компания өз чыгымын актоо үчүн төлөмдү топтоодон белгиленген сумманы алып турат (төмөндө толук айтылат).

Жолдогу коопсуздук

Транспорт министрлигинин эксперти мында жолдордун коопсуздугу автобандардагыдай жогорку деңгээлде болот деп ынандырууда. Башкаруучу компания трассаны эки тарабынан тосуп, тилкелердин ортосуна бөлгүчтөрдү орнотуп, төлөм үчүн аппарат жабдыктарын коюуга тийиш. Айланма жолдун ири кесилиштери, мисалга, Токмок шаарына чыкчу жол келечегинде эки кабат болушу ыктымал. Компания жол кырсыгын болушунча азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн баарын аткаруусу шарт.

Бул 73 чакырым үчүн кыймылдын уруксат берилген ылдамдыгы көбөйтүлүп калышы ыктымал. Кайынбаевдин пикиринде, саатына 130 чакырымды түзүшү мүмкүн.

Чакырымына ченелген баа

Тарифти өкмөт аныктайт, бирок алдын ала эсеп бар — транспорттун түрүнө жараша, чакырымына 2 сомдон 10 сомго дейре алынат. Тагыраак, бул аралыктагы сапарга 146 сомдон 730 сом алынмакчы. https://sputnik.kg/society/20190828/1045554709/ajlanma-zhol-chuj-aky.html

Жеңилдиктер

Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат
Жолго акы төлөөдөн атайын машиналар (өрт өчүргүч, тез жардам, авариялык-куткаруучу кызматтар, ЖКККБ жана аскер техникасы), ошондой эле акы алынчу автожолдун четиндеги райондордогу айыл чарба техникасы жана жеңил унаалардын кожоюндары толук бошотулат.

P.S. Мыйзам долбоору келечекте акы алынчу жолдорду аныктоо үчүн анын укуктук-ченем актыларын кабыл алууга өкмөткө мүмкүндүк берет. Азырынча дагы бир топ суроолор жоопсуз турат.