ЕАЭБден эмне алдык? Абылгазиев артыкчылыктарын санап берди

Өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын төрт жылдын аралыгында ЕАЭБге интеграцияланышынын жыйынтыктары талкууланды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйында айткандыгын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын төрт жылдын аралыгында ЕАЭБге интеграцияланышынын жыйынтыктары талкууланды.

Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары экономикалык жана социалдык өңүттөн алып караганда белгилүү бир артыкчылыкка ээ болгондугун белгилеген.

"Эң башкысы — бул капиталдын, адамдардын жана товарлардын эркин жүрүшү. Албетте, маселелер дагы болбой койбойт, бирок жакшы натыйжа көп. Негизги максатыбыз — кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлер менен атаандаш болуусу үчүн ар кыл багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү", – деген өкмөт башчы.

Маалыматтарга караганда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташып келинген товарларга ташуу үчүн бажы алымдарынын көлөмү 2018-жылы 16169,7 миллион сомду түзгөн. Өкмөттөн бул 2015-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 4,6 эсе жогору экендигин айтышты. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылы 7128,8 миллион доллар болуп, 13,9 пайызга өскөн.