Ысык-Көлдө MAN менен Golf кагышып, эки киши көз жумду. Видео

Жол кырсык Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүк ташуучу MAN менен Volkswagen Golf 2 үлгүсүндөгү унаа бетме-бет кагышып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Жол кырсыгы Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында 28-августка караган түнү саат 00.35те Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон.

Жол кырсыктын видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Кырсыктын кесепетинен жеңил автонун айдоочусу менен жүргүнчүсү көз жумган. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Азырынча кырсык кандайча болгону белгисиз.