50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Фахер Аль Шаваф "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланган. 

50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр экенин айтты.

Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат
"Аль Бавани Ко ЛТД" аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф компаниянын Кыргызстанга акча салуу пландары тууралуу айтып берди. Андан сырткары, компания рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын белгиледи.

Фахер Аль Шаваф "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.