Кой-Таштагы операцияда көз жумган Ниязбеков "Эрдик" медалы менен сыйланды

УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушка ок жеп каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы маалында каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков "Эрдик" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 20 мүлкүн камактан чыгарды
Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда, көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Тийген ок анын бронежилетин тешип өтүп, өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткен.

Анын өлүмүнө шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалган.