Димаш оорулуу кыздын кыялын аткарды. Сүрөт

Казандагы хосписте ооруп жаткан Лейсан менен жолукканга атагы таш жарып бара жаткан ырчы Димаш убакыт деле таппаса керек деп ойлошкон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ырчы Димаш Кудайберген Казань шаарындагы хосписке барып, оор илдет менен жаткан жана World Skills Kazan 2019 салтанатынын жабылышына барууну каалаган күйөрманына жолугуп кайтты.

Лейсан алып баруучу Андрей Малаховдун телеберүүсүндө Димаштын чыгармачылыгы аны шыктандырып, алдыга сүрөй тургандыгын айткан эле.

"Ырларын укканда менин жашоом дагы алдыда экендигин түшүнөм", — деген кыз.

Лейсан ырчынын Казандагы концертине барууну кыялданып жүргөн. Бирок бешинчи химиотерапиядан кийин кыялы ишке ашпай калганын Анжела Вавилова атындагы фондудан билдиришти.

Зал жарылып кете жаздады! 40 миңге чукул күйөрман Димашты коштоп ырдаган видео
"Бул жагдайдан кийин кыздын кыялын орундатуу үчүн Димашты биздин хосписке чакырганбыз, бирок анын убакыт таап келерине анча ишене бербеген элек. Себеби анын учуп келүүсү, репетициясы, масштабдуу иш-чарасы бар эле. Бирок Димаш убакыт таап, сөзүбүздү четте калтырган жок. Акыркы мүнөттөргө чейин Лейсанга атактуу ырчынын келерин айткан жокпуз. Димашты көргөндөгү кыздын кубангандыгын сөз менен айтып бере албайбыз", — деп жазылган аталган фондунун Instagram баракчасында.

Димаш күйөрман кыздан тез арада сакайып кетүү боюнча убадасын алып жана өзүнүн концертине чакырган. Лейсан менен эстелик үчүн сүрөткө түшүп, кол тамгасын калтырган.

"Ал баарыбызды кучактады. Биз Димаш жана анын командасына, World Skills Kazan 2019 командасына ыраазыбыз. Периштебиздин кыялын аткарууга көмөктөшкөн, бактылуу мүнөттөрдү тартуулоого ар бир адамдарга рахматыбызды айтабыз. Көз алдыңда эле керемет болоруна, аны жасоо колдон келерине күн сайын ынанып жатабыз", — деп айтышкан хоспистен. 

Казанда 22-27-августта World Skills салтанаты өтүп, ага 63 өлкөдөн 1 300 конкурсант катышкан. Иш-чаранын жабылышында Димаш "Там, где живет любовь" деп аталган ырды аткарган.