Уулу башка кишиден төрөлгөнүн 8 жылдан кийин билген ата аялын сотко берди

Ал аялынан башканын баласын ушул кезге чейин багып келгени үчүн кеткен чыгымдарды толук төлөп берүүсүн талап кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Улуу Британияда эркек киши аялы көңүлдөшүнөн төрөгөнүн билип калып, сотко берди. Бул тууралуу Unilad басылмасы жазды.

Аялга жагуу кыйын! Аравиялык келин идеалдуу жолдошунан тажап ажырашканы жатат
Үй ээси баласы сегизге чыкканда гана ал анын уулу эмес экенин байкаган. Башка бирөөнүн баласын ушул кезге чейин багып келгени үчүн кеткен чыгымдарды толук төлөп берүүсүн талап кылган.

Лондондун жогорку соту акыркы отурумунда балага чыныгы атасы ким экенин азырынча айтпоо керектигин эскертип, журналисттерге сот ишине катышкандардын аты-жөнүн, каякта иштей турганын жазууга тыюу салган.