АКШ Мексика менен чектешкен жерге кошумча 32 чакырымдык дубал тургузмай болду

АКШнын Мексика менен чектешкен аймагына тосмо куруу - Дональд Трамптын шайлоо учурунда берген убадаларынын бири.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Пентагон Мексика менен чектешкен аймакка кошумча 32 чакырым дубал курууну жактырды. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.

Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти
Буга чейин Калифорниянын соту Коргоо министрлигинин 2,5 миллиард долларын дубал курууга коротууга болбойт деген өкүм чыгарган. Бирок кошумча тосмо салуу келишим боюнча каралган чыгымдар бир топ арзан болуп калгандыктан жанданган. Ошентип эми Аризона менен Калифорния штаттарында 32 чакырымга жеткен темир тосмолор пайда болот.

АКШнын Мексика менен чектешкен аймагына тосмо коюу - Дональд Трамптын шайлоо учурунда берген убадаларынын бири.