БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын темир жол куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциясынын башчысы болуп Жамшитбек Калилов дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка аталган ишкананын директору Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол койгон.
Ал эми дирекциянын мурдагы директору Улан Куловдун кызматы төмөндөп, Калиловдун орун басары болду.
Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн макулдашылган 520 миң доллар паранын 50 миң долларын алып жатканда УКМК колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.
Бул ишке министр Жамшитбек Калиловдун да тиешеси бардыгы болжолдонуп, моралдык укугу тууралуу кеп козголгон. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы министрден буга жооп алган.
Андан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков "бүт дүйнөгө уят болдук" деп Калиловду зекиген. Акыры министр ордунда калууга моралдык укугу калбаганын моюндап, иштен кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми Азимкан Жусубалив Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен 14 жылга эркинен ажыратылды.