Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график

2006-жылдан бери өлкөдө 72 миңден көбүрөөк жол кырсыгы катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2006-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда канча жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат жарыялады.

Бул аралыкта 72,3 миң кырсык болгон.

Жол кырсыгы эң аз болгон учур 2006-жылга (4 миңден аз), ал эми эң көбү 2013-жылга туура келет (7,5 миң).

Белгилей кетсек, мындан кийинки үч жыл катары менен кырсыктар ар биринде 7 миңден ашып, андан кийин азайып калган.