17 жаштагы Ширин Мусанкары кызы Кыргызстан сулуусу болду. Сүрөттөр

Баш байге үчүн 31 селки ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү деп 17 жаштагы Ширин Мусанкары кызы табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин иш-чарага күбө болгон кабарчысы билдирди.

Сулуулар сынагы 26-август күнү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде болду. Анда баш байге үчүн 31 селки ат салышты.

Биринчи вице-мисс наамына Ширин Буурабаева (16 жашта), экинчи вице-мисс Бегайым Абдразакова (24 жашта) болду. Үчүнчү орунга Арина Рустамбекова (20 жашта) татыды.

Буга чейин жеңүүчүгө автоунаа белек кылынары айтылган. Мындан тышкары, алдыңкы орундарга илинген кыздар эл аралык сулуулар сынагына жолдомо жана баалуу белектерди алышты.