Милиция күчөтүлгөн режимге өтөт. ИИМдин түшүндүрмөсү

Кыргызстан жакынкы күндөрү эгемендүүлүк күнүн майрамдаганы жаткандыктан, ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы өкмөт үйүнүн жанында Бишкек шаардык милициясына атайын инструктаж өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Редакцияга шаарда эмне себептен милиция кызматкерлери көп жүргөнүн билип берүү өтүнүчү менен тургундар кайрылган.

Гарнизондук иш-чарага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, борбордук аппараттын жетекчилиги, Бишкек жана Чүй милицияларынын башчылары катышты.

Маалыматка караганда, эгемендүүлүк күнүнө карата 30-августтан баштап милиция күчөтүлгөн режимде иштей баштайт.