Саламаттыкты сактоо министрлиги менен мамлекеттик каттоо кызматы биргеликте ишке ашырган маалыматтык электрондук система калкты эсепке алууда чоң жардамын берүүдө. Бул тууралуу Бактияр Стамбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери төрөт үйлөрүндө иштеп жаткан маалыматтык электрондук система аркылуу ата-энесинин документи жок болсо да жаңы төрөлгөн бала катталып, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилүүдө.
"Калкты документтештирүү боюнча улуттук өнөктүктү ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө электрондук маалымат системасын колдонуу зарыл. Буга "Түндүк" мекеме аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму абдан ыңгайлуу. Анткени ал жактан бардык мамлекеттик ведомостволор бири-бири менен тийиштүү маалыматтарды онлайн түрүндө алышып берише алат. Мисалы, 2015-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы биргеликте төрөт үйлөрүнө электрондук системасын киргизген. Учурда ал ийгиликтүү иштеп жатат. Артыкчылыгы — жаңы төрөлгөн балдар тууралуу бардык маалыматтар электрондук базага түшкөнүндө. Өз учурунда ал маалыматтарды Каттоо кызматы да колдонуп, ата-энесинин документи жок болсо да балага төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк бере алат. Аны менен бирге калктын санынын эсебин да жүргүзөт. Мына ушундай эле ыкма менен "Түндүк" тутуму аркылуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо министрликтерин байланыштырса болот", — деди Стамбеков.
Ошондой эле ал калкты документтештирүү боюнча улуттук өнөктүктү үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.